ТЭЦтеги кырсык боюнча сот иштери жыйынтыкталууда (видео)

620

Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча сот аяктаганы калды. Белгилей кетсек, былтыр жыл башында катталган авария боюнча 4 кылмыш иши козголуп, ошол убакта жогорку кызматтагы 10дон ашык жетекчи тергөө абагына киргизилген. Алар «коррупция», «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу», «тендерлерди талап бузуу менен өткөрүү» жана «мамлекеттик мөөр, документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча шектелишүүдө.

Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу иште мамлекеттик айыптоочулар коррупцияга айыпталган, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду 20 жылга кесүүнү өтүнүшкөн. Бул иш боюнча мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев менен экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш иштери тергелип бүткөнү белгилүү болду. Экөөңө тең «Коррупция» беренеси менен айыбы расмий угузулган.