ТЭЦтеги кырсык боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда (видео)

720

Бишкек жылуулук электр борборуна суу жеткирүүчү химиялык цехти куруу үчүн кытайдан жабдыктар келе баштады. Бул ТЭЦти модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясынын эсебинен ишке ашууда. Ага 6 миллион доллар каралган. Ал арада жылуулук электр борборунун мурдагы директору жыл башындагы кырсык дал ушул химиялык цехтин өз убагында курулбаганынан улам болгонун айтып чыкты. Ошондой эле, Нурлан Өмүркул уулунун билдирүүсүндө, кошумча буу казандар турган имарат 3 жылдан бери оңдолгон эмес. Жылуулук электр борборунун мурдагы директору буга энергохолдинг менен электр станциялары ачык акционердик коомунун жетекчилерин күнөөлөп жатат.