ТЭЦтеги кырсыкка күнөөлүүлөрдүн аттары аталды (видео)

632

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга кунөөлүүлөрдүн ысымдары аталды. Мекемелер аралык комиссиясынын отурумунда ТЭЦтеги кырсыкка байланыштуу бир нече жетекчини кызматтан кетирип, калганына сөгүш берүү сунушу айтылды. Анда авариянын келип чыгышынын негизги себептери катары күз-кыш мезгилине даярдыктын начардыгы, жооптуу кызмат адамдарынын шалаакылыгы белгиленди. Ал эми эксперттер болсо, комиссиянын бул жыйынтыгы үстүртөн чыгарылып калганын айтышууда. Себеби бир катар суроолор жоопсуз калууда. Эске салсак, өткөн айда Бишкектеги жылуулук электр борборунда авария болуп, анын кесепетинен шаардыктар 5 күн бою катуу суукта жылуулуксуз калышкан.