ТЭЦти модернизациялоо: 100 млн доллардан ашуун акча кайда кетти? (видео)

762

Бишкек жылуулук электр борборуна сатылып алынган материалдардын 90 пайызынын баасы жогору көрсөтүлгөн. Бул тууралуу ТЭЦтин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жылуулук борборун модернизациялоо алда канча арзан болмок. 250 миллион доллар гана көрсөтүлүп, бирок документтерге 386 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. Акчанын эсебин чыгаруу үчүн майда шаймандардан бери баасын өтө жогору жазып коюшкан дейт, Нурлан Өмүркул уулу. Ал Кытайдан тиешелүү документтерди алып, андагы маалыматтарга таянып, билдирүү жасап жатканын айтат. Азырынча Өмүркул уулунун сөзүн расмий органдар төгүнгө чыгара элек.