ТЭЦти оңдоо боюнча коррупцияга шектүү 8 аткаминердин соту (видео)

662

Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодогу коррупцияга айыпталган мурдагы 8 аткаминердин иши боюнча соттук отурум уланды. Өткөн аптада Свердлов райондук соту процессти 10-апрелге жылдырып, күнөөлөнүп жаткандардын айыбы угузулду.

Алар экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков менен катар эле мурдагы жетекчилер Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лаврова. Алар мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимге кол койгон деп айыпталууда.