ТЭЦти оңдоого бөлүнгөн акча уурдалып кеткенби? (видео)

699

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга күнөөлүү деп шектелгендер камала баштады. Кышка даярданууга жооптуу кызматкерлер бюджеттен бөлүнгөн ири суммадагы каражатты уурдап, мыйзамсыз чыгарып кеткен деп айыпталууда. УКМК тарабынан «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев камакка алынды. ТЭЦтеги авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөлөрү, Боркоев мыйзамсыз иштерди жалгыз жасашы күмөн дейт. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, жакын арада дагы камоолор болушу мүмкүн. Мындан тышкары, жылуулук электр борборун кышка даярдоо учурунда туура эмес тендерлер жүргүзүлүп, сапатсыз жумуштар жасалганы аныкталган. Бул иштер үчүн да бирөө жоопкерчиликке тартылышы керек, дейт депутаттар.