Тегеранда суфилер менен полиция кагылышып бир нече киши мерт болду

634

Расмий маалыматтарга караганда, Тегеранда суфилер менен полициянын кагылышуусунда коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери курман болуп, 300дөй киши кармалды.

«Гонабади Суфи» тобунун мүчөлөрү же дервиштер башкалаанын түндүгүндө кечээки нааразылык акциясында тутанган кагылышта жок дегенде бир мүчөсү каза болгонун маалымдашты.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтарга ылайык, дервиштер бул диний уюмдун мүчөсүнүн кармалышына каршы чыгып, полиция бөлүмүнүн жанына чогулушкан. Интернетке чыккан жана мамлекеттик телеканал көргөзгөн видеодо автобус полиция кызматкерлерин барып сүзгөнүн көрсө болот. Тартип коргоочулар ошондо үч киши каза тапканын билдиришкен.

Суфилердин 90 жаштагы лидери Гонабади Нурали Табандени полиция кармап кетпесин деп кооптонгон тарапташтары анын үйүнүн алдында пикет уюштурушту.

Суфизмге Иранда тыюу салынган эмес. Бирок укук коргоо топтору бийликти суфилерди куугунтуктоого алууда деп айыптап келет.