Техникага зар “Ош Тазалык” ишканасы (видео)

915

“Ош Тазалык” муниципалдык ишканасына быйыл жергиликтүү бюджеттен 36 миллион сомдук субсидия бөлүнбөй калышы ыктымал. Мындай болгон учурда ишкананын жумушчуларынын саны кыскарат экен. Себеби дал ушул акчадан мекеменин бир топ кызматкерлери айлык маяна алышат. Мындай кардаал түштүк борбордун санитардык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, дешет ишкананын жетекчилиги.

Ал арада ишкананын карамаганыдагы техникалардын көпчүлүгүнүн эскилиги жетип, айрымдары жараксыз абалга келгендиктен, колдонуудан чыгарылган. Унаалар тез-тез бузула бергендиктен, тиешелүү иштерди аткарууга транспорт жетпей калат. Мунун кесепетинен иш таштап кеткен айдоочулар арбын.