Техникалык паспорттун ордуна жөнөкөй кагаз берилүүдө (видео)

573

Бир ай мурда эле түгөнгөн айдоочулук күбөлүк менен унаанын техникалык паспортунун бланктарына эми араң тендер жарыяланды. Бул үчүн 75 миллион сом каралган. Ал эми айдоочуларга күбөлүк менен техникалык паспорттун ордуна жөнөкөй кагаз берилип жатат.

Бул айрым жарандар арасында нааразычылык жаратты. Анткени документтин ордуна убактылуу кагаз алгандар 1-октябрдан кийин кайра алмаштырышы керек. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө ким күнөөлүү?