Текебаев, Чотоновдун соту: кошумча 13 күбө чакырылды (видео)

702

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишинде дагы кошумча 13 күбө суралмай болду. Жактоочунун келтирген өтүнүчүнө ылайык, тизмеде убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, ИИМнин мурдагы жана учурдагы орун басарлары менен экс-губернаторлор да бар.

Күбөлөрдүн тени мурдагы соттук процесстерде көрсөтмө беришкен эмес. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишинде жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу соттук отурум болуп, алты күбө суралды.