Текебаев менен Чотоновдун иши Жогорку сотто кайра каралат (видео)

640

Жогорку сот «Ата Мекен» саясий партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карайт. Юрист Таалайгүл Токтакунова саясатчыларга каршы көрсөтмө берген Леонид Маевскийдин сөзү жалган экенин далилдеген жаңы ачылган жагдайлар бар деп билдирди.

Быйыл февралда жактоочулар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы жагдайлардын негизинде кароо үчүн Жогорку сотко кайрылышкан. Бирок фемида өкүлдөрү жаза мөөнөтүнө байланыштуу өкүмдү өзгөртүүсүз калтырышкан.