Текебаев менен Чотоновдун сотунда күбөлөрдүн саны көбөйүүдө (видео)

533

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо улантылды. Анда эки саясатчынын сөзүн тастыктаган күбөлөр көбөйгөнү маалым болду. Буга чейин жактоочу тарап 13 адам боюнча өтүнүч келтирсе, алардын саны 18, алтоо жаңы күбөлөр экени айтылды.

Арасында күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери да бар. Алар «Текебаев менен Чотонов Россиялык жаран Леонид Маевский менен жолугушту» делген күнү Чотонов менен Ошто болгонун билдиришүүдө. Эске салсак, быйыл 21-августта Жогорку сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти биринчи инстанцияга кайра кароого жөнөткөн.