Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлар пайда болду (видео)

1376

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Өмүрбек Такебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлар пайда болгонуна байланыштуу сот анын ишин кайрадан карап чыгышы керек дешүүдө. Алардын айтымында, бул иш боюнча жабырлануучу катары көрсөтмө берген Модин менен Маевскийдин айткан маалыматтарында — чындыкка дал келбеген жагдайлар бар. Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев «Мегаком» ишине байланыштуу коррупция беренеси менен айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Аны менен бирге, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов дагы соттолгон болчу. Аларга Россиянын жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген айып тагылган. Эми Текебаевдин адвокаты Модин менен Маевский берген көрсөтмөлөрдө жалган маалыматтар бар экендигин тастыктаган документтер топтолгонун билдирди.