Текебаевге кол салдырган Самаевпи? (видео)

3073

Өмүрбек Текебаевге кол салгандар кимдер жана эмне үчүн милиция «карактоо» беренеси менен кылмыш ишин ачып жатат? Саясатчы өзү муну ишмердүүлүгү менен байланыштырса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Текебаев кимдир бирөө менен урушуп кеткендиктен кечээги окуя болгонун билдирди.

Баарынан кызыгы, бул иште Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин да аты аталып, бирок ал айтылгандарды четке какты. Жаалданган топтун Текебаевге кол көтөрүүсү боюнча маселе Жогорку Кеңеште да каралып, бирок ага бир орун басардан тышкары күч түзүмдөрдүн жетекчилери келген жок.