Телекөрсөтүү тармагын тартипке салуу керек (видео)

673

Эми Кыргызстандагы бардык телеканалдардын көрсөтүүлөрү атайын байкоого алынат. Буга курамына ири телеканалдар кирген «Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы» жардам берет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кабарлады. Учурда бардык телеканалдарга алардын үч күндүк эфиринин архивин жана телекөрсөтүүлөрдүн программасын берүү тууралуу кат даярдалып жатат.

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча теле радио берүүлөрдүн 50 пайызы мамлекеттик тилде жана эфирден кеткен материалдардын тең жарымы ата-мекендик өндүрүштөн болушу керек. Ошондой эле, автордук жана чектеш укуктар сакталбаган телеканалдарда жарнама жайгаштырууга тыюу салынат. Бирок бул мыйзам ченемдери сакталбай жатат, дешет адистер.