Темир Жумакадыров: Дурбек Алимжановдун окуясына укуктук баа берилет

1137

Ош шаарынын тургуну Дурбек Алимжановдун окуясына укуктук баа берүү үчүн вице-премьер-министр тиешелүү тапшырмаларды бергенин билдирди. Бул тууралуу Темир Жумакадыров «Азаттыкка» кабарлаган.

Вице-премьер Өмүрбек Бабановдун тарапташы болгону үчүн катуу ур токмокко алынган Дурбек Алимжановдун айткандары териштирилип, көзөмөлгө алынарын белгиледи. «Жоопкерчилик менен айтып кетейин, бул маселе көңүл сыртында калбайт», — деди Жумакадыров.

Белгисиз беш киши тарабынан сабалып, кыйноого кабылып, жалган маалыматтарды видеого айтып берүүгө мажбурланган Дурбек Алимжанов кечээ Бишкекке келип, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазган. Анткени ал Ош областынын милициясына ишене албай жатканын билдирген.