Темир Жумакадыров курман болгон кырсыктагы КамАЗдын айдоочусу эки айга камалды

851

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу курман болгон кырсыктагы КамАЗдын айдоочусу эки айга камалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Айдоочуну 2 айлык мөөнөткө Бишкектеги №1- тергөө абагына камоо тууралуу чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык, автотранспорттук экспертизалар дайындалды.

Белгилей кетсек, бул окуя боюнча кылмыш кодексинин «транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Аны иликтөө милдети, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына жүктөлдү. Маалыматтарга караганда, КамАЗдын айдоочусу Чүй областынын Панфилов районунун 25 жаштагы тургуну болот. Ал адвокаттын катышуусу менен көрсөтмө берүүдө.

Эске салсак, кырсык 7-октябрь күнү катталып, анда вице-премьер-министр бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы Бишкек-Чалдовар жолунун 36-чакырымында КамАЗ менен сүзүшкөн. Темир Жумакадыров Талас областындагы шайлоо тилкелеринин даярдыгын текшерүү үчүн бараткан.