Темир контейнерде жашаган фельдшер үйлүү болду (видео)

1819

Беш жылдан бери кыштын кыраан чилдесинде, жайдын ысык аптабында темир контейнерде жашап келген фельдшер Толкун Рахматова үйлүү болду. Кайрымдулук менен алектенген уюм жалгыз бой келинге Чүй областынын Аламүдүн районунун Восток айылынан жер тилкесин сатып берүү менен бирге беш бөлмөлүү турак жай салып берди.

НТС телеканалы жана бир катар маалымат каражаттары быйыл сентябрь айында төрт балалуу эненин аянычтуу тагдырын чагылдырган эле. Көп өтпөй жеке демөөрчүлөр табылып фельдшер айымдын кыялы орундалып отурат.