Темир тосмо алынса, эл өкүлдөрү элге жакын болобу? (видео)

3913

Жогорку Кеңештин имаратын курчап турган темир тосмолор алына баштады. Демонтажды «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгүнүн 30 кызматкери жүргүзүүдө. Маалыматтарга караганда, 1,5 чакырымга жакын тосмону толугу менен алууга болжол менен бир жумадай убакыт керектелет.

Ошол эле убакта имараттын сыртындагы 2010-жылы 7-апрелдеги элдик төңкөрүштө курман болгондордун ысымдары жазылган такталар илинген 5 темир тосмо алынбайт. Ал тарых үчүн калтырылат экен.