Темир жол аркылуу жүк жеткирүү жеңилдеши мүмкүн

888

Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүнө темир жолу аркылуу жүк жеткирүү жеңилдеши мүмкүн. Буга коңшу Өзбекстан өз аймагы аркылуу жүк алып өтүүдө 30 пайыз жеңилдик берүүнү карап жатканы себеп болууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты.

Эске салсак, Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштырган темир жолу коңшу Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөндүктөн, ал үчүн атайын каражат төлөнөт. Ошондой эле, тараптар Анжиян-Жалал-Абад, Ташкент-Балыкчы багыты боюнча жүргүнчүлөр үчүн каттамдарды ачуу жагын караштырып жатыптыр.