Темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу качан жанданат? (видео)

1413

Эл аралык поезд каттамдары качан жанданат белгисиз бойдон калууда. Кыргызстан Россия, Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок тараптар азырынча бир пикирге келе элек. Быйыл 17-марттан тарта Бишкек – Москва, Бишкек – Казань, Бишкек – Новосибирск багыты боюнча каттаган поезддер жүрбөй калган. Ал эми өлкө аймагы боюнча 25-марттан кийин каттамга чыгууга тыюу салынган.

Ал арада ЕАЭБдин аймагындагы темир жол каттамын жандантууда эпидемиологиялык кырдаал учурундагы коопсуздукту сактоо боюнча комиссия атайын методикалык сунуштамаларды иштеп чыкты. Учурда алар укуктук экспертизадан өткөрүлүп жатканы маалым болду.