Темир жол каттамы кайра ишке киргени турат (видео)

2296

Пандемия кесепетинен улам токтоп калган темир жол каттамы кайра ишке киргени турат. Улуттук ишкананын билдирүүсүнө караганда, жүргүнчү ташыган вагондор техникалык кароодон өткөрүлүп, ичи-тышы дезинфекцияланууда. Жүргүнчүлөр бардык тиешелүү санитардык эрежелерди сактоого тийиш.

Жол акылары да мурдагыдай эле сакталып калган. Тактап айтканда, Бишкек-Токмок-Бишкек, Бишкек-Кара-Балта-Бишкек темир жол жүргүнчүлөрү үчүн 25 сом болсо, ал эми Кайыңды-Бишкек-Кайыңды каттамынын жол киреси 26 сом.