Тендер боюнча депутатты кайсы депутаттар коркуткан? (видео)

868

Эми аткаминерлердин же алардын туугандарынын тиешеси бар компаниялар тендерге катышса — 100 миң сом айып салынат. Ошондой эле, аталган сынактын жыйынтыгы жокко чыгарылат. Мындай ченем мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга киргизилип, документ кечээтен тарта иштеп баштады. Мыйзам долбоордун авторлору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди тендерге катышууга тыюу салуу менен кызыкчылыктардын кагылышын жоюуга жардам берет деп эсептешет. Тагыраак айтканда, мындан кийин тендердин катышуучулары үчүн шарт бирдей болуп калат. Буга чейин аткаминерлерге тиешелүү компаниялар сынактарда утуп чыгып, бул коррупцияга жакын аракет экени айтылып келген. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2016-жылы мамлекеттик сатып алуулардагы эреже бузуулардын айынан аткаминерлерге 660 эскертүү жиберилген.