Тендерлер боюнча маалыматтар эмнеге жашырылууда? (видео)

2838

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери пандемия маалында өткөрүлгөн тендерлер боюнча маалыматтарды эмнеге жашырууда? 1 сом 50 тыйындык бахила кантип 150 сомго сатып алынганы боюнча аткаминерлер айтып берүүдөн баш тартышты.

Кечээ Башкы прокуратура эл коронавируска массалык түрдө чалдыгып, адамдар көп каза болуп жаткан маалда медициналык каражаттар өтө кымбат, тагыраагы жүз эсеге жогору наркта алынганы аныкталганын кабарлаган. Мунун кесепетинен кеминде 5 миллион сом зыян келтирилген. Ал эми ошол бахилаларды ташып келген компаниянын өкүлдөрү болсо, ошол маалда медициналык каражаттар чет өлкөдөн кымбат алып келингенин айтышууда.