Тепселендиге айланган маданий жай (видео)

1408

Бишкектеги «Манас айылын» реконструкциялоо үчүн инвесторлор изделип жатат. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты. План боюнча этнографиялык комплекс шаарчага айланат. Бирок бул долбоор качан ишке ашаары белгисиз. Ал эми «Манас айылынын» абалы барган сайын начарлап баратат. Архитектуралык курулуштар сынынан кетип, урай баштаган. «Манас айылы» атына төп келбей жатканына дастанчылар дагы нааразы. Бул маданий жайы жаңы үйлөнгөндөр эс алган жана ар кандай той-топурларды өткөргөн жерге гана айланып бараткандай таасир калтырат. Кирүү акысына алынган каражат кызматкерлердин айлыгына жана электр энергиясын араң жабат экен. Эң кызыгы, 22 жылдан бери «Манас айылы» Мэриянын дагы, Маданият министрлигинин дагы карамагына алына элек.