Терактка шектелген өзбек жараны өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

674

Прокурор Ханс Ирман Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловго айып тагылганын жана анын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кыла турганын билдирди.

«Менин милдетим – ал эч качан биздин көчөлөрдө эркин сейилдеп жүрө албагыдай кылуу», – деди прокурор.

Акиловдун башкаруусундагы жүк унаасы 2017-жылы 7-апрелде катуу ылдамдыкта Стокгольмдун жөө кишилерге арналган Дроттнинггатан көчөсүндөгү адамдарды тепселеп, андан соң дүкөндү сүзүп токтогон. Жыйынтыгында беш киши каза таап, 15и жаракат алган. Полиция унаанын ичинде бомба болгонун билдирген.

Ошол эле күнү шектүү катары 39 жаштагы Акилов кармалган. Ал Швецияга 2014-жылы барып, курулушта иштеп жүргөн. Бир канча убакыттан кийин швед бийлигинен саясий башпаанек сураган, бирок анын өтүнүчүн канааттандырылган эмес. Швеция бийлигинде аны мекенине депортациялоо буйругу болгон.

Сурак маалында Акилов күнөөсүн дароо мойнуна алып, “өз максатына жеткенин, жасаганына маашырланып турганын” айткан.

Акиловдун иши боюнча соттук териштирүүлөр февралда башталат. Учурда өзбек жаранына карата Швецияда 155 доо арыз берилген. Алардын бешөөсүн терактта курман болгондордун туугандары, дагы 15ин жабырлануучулар жазган.