Терек-Сай айылынын 15 жашоочусунун бөгөт чарасы аныкталды

879

Чаткал районундагы Терек-Сай айылында кармалган 15 адамдын алтоосу — 2 айга, тогузу — 1 айга камакка алынды. Мындай чечимди Жалал-Абад областтык соту чыгарды. Терек-Сай айылынын 15 тургуну 2-декабрда областык Ички иштер башкармалыгына тергөөгө чакырып, ошол эле күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алар “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген берене боюнча айыпталууда. Жергиликтүү тургундар алтын кенин иштеткен аймакты кайтарган “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген деп күнөөлөнүп жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.