Терек-Сайда алтын казуу иштери токтотулду (видео)

596

Жалал-Абад областынын Чаткал районунда алтын казган «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасы өндүрүшүн токтотту. Ага байланыштуу кен казуучу компаниянын жетекчилиги билдирүү таратып, анда кен чыккан жердеги оор кырдаалдан пайдаланган айрым топтор, компаниянын жумушчуларын иш таштоого үгүттөөнү айтылат.

Эскерте кетсек, быйыл ноябрь айынын башында ишкананын аймагында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар ортосунда чатак чыккан. Буга байланыштуу «бейбаштык» жана «бийлик өкүлүнө кол көтөрүү» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, 15 адам кармалган. Буга нааразы болгондор митингке чыгышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо, учурда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын айтышууда.