Тергөөчү пара албаш үчүн маянаны жогорулатуу жетиштүүбү? (видео)

1202

Милиция кызматкерлеринин аброюн көтөрүү үчүн маянасын жогорулатуу керек. Ички иштер министрлигинин айкоочу кенешинин отурумунда — криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев — ушундай пикирин билдирди. Бирок бул пикирди жарандык коомдун өкүлдөрү колдобойт. Себеби бир эле кылмыш иши боюнча бир нече миң доллар менен пара алып көнүп калган тергөөчү маянасы бир аз жогоруласа эле бул терс адаттан арылаарына эч ким ишенбейт. Эске салсак, буга чейин бир тергөөчү 4000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Бүгүнкү жыйын талаш пикирлерге бай болду. Бирок отчёт берүүгө келген жетекчилер иш-чаранын катышуучулары берген суроолорго так жооп бере алган жок.