Тергөөчүлөр мурда кыскартылган 139 кылмыш ишин кайра карап чыгышты

748

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрү мурда кыскартылган 139 кылмыш ишин кайра карап, анын жыйынтыгында 4 айдын ичинде 588 миллион сомдон ашык акча мамлекетке өндүрүлдү.

Финансы полициясы быйылкы жылдын 4 айында 911 кылмыш ишин тергеп, анын ичинен 251 иш сотко өткөрүлгөн. Бул былтыркыга салыштырмалуу 103 ишке көп. Ошондой эле, финполициясы бул жылдын алгачкы төрт айында мамлекеттик бюджетке 135 миллион зыян алып келген 186 коррупциялык аракетке бөгөт койгонун белгиледи.

Бул иштер быйыл февралдагы Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу алкагында жасалып жатат. Ал жыйында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасын берген болчу.