Тери ооруларынан жабыркагандарга жардам (видео)

513

Соңку учурларда тери ооруларынан жабыркагандардын саны өсүүдө. Буга стресс, начар экология жана ошондой эле, туура эмес тамактануу да таасир берет. Дарттын өсүүсү менен катар эле бул илдеттен өз алдынча дарыланууга аракет кылгандардын да саны өсүп жатыптыр. Бул өз кезегинде ден-соолукка терс таасир берет, дейт адистер.

Буга байланыштуу «Лавка жизни» деп аталган дарыканалардын тармагы өз демилгеси менен Кара-Балта шаарында көчмө кабылдама уюштуруп, тери илдеттерине кабылгандарды бекер текшерүүдөн өткөрдү. Борбордон барган дарыгерлер 6 сааттан ашык убакыт жергиликтүү туругундарга кеңеш берип, дары жазып, көмөктөрүн көрсөтүштү.