Террорчулар тараптан коркунуч күчөп жатабы? (видео)

949

Ооганстан менен Тажикстандын чек арасына жакын аймакта «Талибан» кыймылы 7 миңге чукул согушкерин топтоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчиси билдирди. Анын айтымында, учурда Балх, Кундуз, Тахор провинцияларында абал чыңалып, кырдаал курчуп кете турган жагдай жаралды. Ал арада, Кыргызстанда ар кандай террористтик билдирүүлөр биринин артынан экинчиси таратыла баштады. Алсак, бир апта ичинде эле Бишкекте үч имаратта бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү. Атайын кызматтар жардыруучу зат таппаса дагы, эл дүрбөлөңгө түшүп, мекемелердин иши үзгүлтүккө учурады. Аны улай эле, кечээ «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү кыргыз бийлигине бир катар талаптарды коюп билдирүү таратты. Буга тынчсызданууга негиз барбы?