Террорчуларды каржылоо үчүн карактоо менен алектенген согушкер колго түштү

824

УКМК эл аралык террористтик топтун 23 жаштагы мүчөсүн кармады. Ал көмүскө түзүлгөн уюмга кирип, жардырууларды уюштурууга жана согушкерлерди акча менен камсыз кылуу үчүн кылмыштарды жасап келген.

Бул жашыруун топтун ири көлөмдөгү курал-жарактары, ок-дарылары бар экени аныкталган. Анын баары кишилерди өлтүрүп, карактап жүрүп топтолгон болушу мүмкүн. Шектүү жаран тергөө абагына камакка алынды.