Тесттен өтпөй калган аткаминерлер кызматтан алынат (видео)

906

Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге кошумча милдет жүктөлдү. Бүгүнтөн тарта аткаминерлер кыргыз тили боюнча сынак тапшырышы керек. Тестирлөөнүн эң төмөнкүдөн тарта, профессионалдык деңгээлге чейинки түрлөрү бар. Эгер кызматкерлер быйыл тесттен өтпөй калса, даярданууга убакыт берилет. Ал эми эмдиги жылдан тарта кыргыз тилин билбегендер кызматтан алынат. Учурда өлкөдө 17 миңдей мамлекеттик, 9 миңден ашуун муниципалдык кызматкер бар. Алар сынак тапшырууга даярбы?