Тез кабыл алууну талап кылган мыйзам долбоорлор качан каралат? (видео)

2025

Парламенттик шайлоодо 2 пайыздан кем эмес добуш алган саясий партиялар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланышы керек. Бул демилге шайлоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунун катарында. Аталган документ 5 айдан бери парламенттин тармактык комитеттеринде каралууда.

Бирок Жогорку Кеңештин талкуусуна качан чыгарылат белгисиз. Октябрда өтүүчү шайлоого чейин тез кабыл алууну талап кылган ондогон мыйзам долбоорлору турат. Парламент аларды кароого эмнеге киришпей жатат?