Тез татым түйүнүндөгү жарылуу бир адамдын өмүрүн алды (видео)

3835

Бишкектеги «Антошка» ашканасындагы бир адамдын өмүрүн алган жарылууга байланыштуу камакка алынган анын 56 жаштагы арендатору үй камагына кое берилди. Тиешелүү чечимди Свердлов райондук соту чыгарган. Учурда кырсык «өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси менен иликтенип жатат.

Тиешелүү мекеменин маалыматына караганда, аталган ашкананын ээсине 2 жолу эскертүү берилгенине карабастан, алар аткарылган эмес. Ал арада Бишкектеги 120дай тез татым жайларынын бир тобуна буга чейин эскертүү берилгени белгилүү болду. Айрымдарынын кожоюндарынын газ-баллон колдонууга тыюу салынганы тууралуу кабары да жок болуп чыкты.