Тез жардам кызматы бейтапканалар менен тыгыз байланышта иштейт

1346

Буга 1 миллион сом сарпталганы турат. Азыр бейтап тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жаткырылса, атайын барак толтурулат, эгер кайра үйүнө жөнөтүлсө, башка кагаз берилип, ал эмканаларга өткөрүлөт.

Система киргизилсе, мунун баары электрондоштурулат. Мындай жол аркылуу стационардык мекемелер бейтап баратканын жана анын диагнозу тууралуу алдын-ала маалымат ала алат.

Ошондой эле, бейтап дарыланып жаткан учурда дагы, 103 кызматы анын абалын билип турууга шарт түзүлөт. Ал эми, эмканаларга электрондук форма аркылуу кайсы бейтапка тез жардам чакырылганы, кандай диагноз коюлганы тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.