«Тез жардам» кызматы тургундар тууралуу мэрияга арыз жазды (видео)

798

«Тез жардам» кызматы Бишкек мэриясына жардам сурап кайрылды. Баш калаадагы көп кабаттуу турак-жайлардын короолору тосулуп калгандыктан, аларга башка унаалардын кирүүсү дээрлик мүмкүн болбой жатат. Анын айынан медициналык тез жардам унааларынын ишине чоң тоскоолдук жаралууда.

Мындай үйлөрдүн тизмеси түзүлүп, ал Бишкек мэриясына жөнөтүлгөн. Турак-жайлардын короолорунун тосулуп калганы медиктердин гана эмес, өрт өчүрүүчүлөрдүн дагы ишин кыйындатууда. Андыктан орнотулган шлагбаумдар менен дарбазалар адам өмүрүн сактоого тоскоол болуп жатат.