НТС

Тез жардам кызматына акы төлөнөбү? (видео)

Медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн эч кандай акы алынбайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Буга чейин аталган мекеменин жыйынында, бекер тез жардам кызматын жоюу тууралуу сөз көтөрүлүп, коомчулукта нааразычылыктар жаралган. Кыргызстанда мамлекеттик программа боюнча алгачкы медициналык жардам акысыз болууга тийиш. Бирок адистердин айтымында, сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн унаа жана дарыгерлер жетишсиз болууда. Ал эми бюджеттен бөлүнгөн каражат өтө эле аз дешет.