Тез жардам унаалары айып пулдан түшкөн каражаттан сатып алынат

1022

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражаттын бир бөлүгүнө тез жардам унаалары сатылып алынат. «Эреже бузуудан түшкөн айып пулдарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ага ылайык, тийиштүү тараптарга каражат бөлүштүрүлгөндөн кийин, Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 % милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулат. Ал каражат тез жардам унааларын алууга, медициналык жаңы станцияларды ачууга жана керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Учурда өлкө боюнча кеминде 150 тез жардам унаасы зарыл. Ал эми «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден кийин төрт айда 26,5 миң айдоочунун эреже бузганы аныкталган. Анын ичинен учурда 42 % айып төлөп, 145 миллион сом түшкөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.