Тез жардам унаасы кырсыкка кабылып, 5 адам жабыркады (видео)

719

Бишкекте кечээ таңга маал тез жардам кызматынын автоунаасы аварияга кабылды. Жол кырсыгынан төрт адам жабыркады. Патрулдук милициядан кабарлашкандай, эртең менен саат бештерде Арча-Бешик жаңы конушунан чакыруу түшкөн. Тез жардам кызматы келип, бир айлык наристени ооруканага алып баратканда алдынан ит чыга калган. Айдоочу буйтап өтөм деп жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен. Автоунаанын ичинде дарыгер, бейтап, айдоочу, медайым жана стажер болгон. Алардын баары ооруканага жеткирилген. Учурда экөө оор абалда реанимацияда.