Тез жардамдын бир канча айдоочусу иш ташташы мүмкүн (видео)

623

Жакынкы күндөрү Бишкек шаарындагы Тез жардам кызматынын бир канча айдоочусу кызматын таштап кетиши мүмкүн. Алар кечиктирилгис тез жардам берүү үчүн дарыгерлерди алып баратканда жол эрежесин бузуп, камерага түшүп калышкан. Кечээ жакында аларга айып төлөшү керек деген протоколдор келген. Айдоочулар болсо, алар камерага түшүп калган учурда бейтаптардын өмүрүн сактоо үчүн жанталбастап баратканын айтышууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган кызматтын өкүлдөрү болсо, Тез жардам кызматына айып пулдун протоколу туура жөнөтүлгөнүн айтууда. Мыйзам боюнча оперативдик жана атайын кызматтардын унааларынын айдоочулары шашылыш учурда жол эрежесин бузганга уруксат берилет. Бирок тиешелүү жабдыктарын иштетип, мигалкаларын күйгүзүп коюшу шарт.