Тез жардамга жардам (видео)

864

Аты-жөнүн жашырган ишкер 103 станциясынын кызматкерлерин кийинтти. Демөөрчү медициналык Тез жардам борборунун реаниматологторун кышкы кийимдердин 80 комплектиси менен камсыздады. Буга баш аягы жарым миллион сомдой каражат сарпталган. Тез жардам кызматында каражат тартыш болгондуктан, дарыгерлерди атайын кийим менен камсыздоо дайыма курч турат. Бюджетте бул үчүн акча каралбагандыктан, врачтар демөөрчүлөрдүн колдоосуна муктаж. Коомчулукка атын ачыктагысы келбеген ишкер дарыгерлерге өзгөчө белегин кечээ күнү тапшырып кеткен.