The Guardian: АКШнын элчилигинде орусиялык чалгынчы иштеп келген

1115

АКШнын Москвадагы элчилигинин кызматкерлеринин арасында жашыруун түрдө он жылдан ашык орусиялык чалгынчы иштеп келген. Бул тууралуу британиялык The Guardian гезити атайын кызматтардагы булактарына шилтеме кылып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, орусиялык анда тыңчылык менен алектенген болушу мүмкүн. Билдирүүдө дипломатиялык миссиянын кызматкеринин аты-жөнү жана кайсыл кызматта иштегендиги айтылган эмес.

Аны АКШнын Жашыруун кызматы жалдаганы кабарланууда. Ыктымал чалгынчы ички түйүнгө жана элчиликтин электрондук почтасына кирүү мүмкүндүгүнө ээ болгон. Басылма ал жашыруун маалыматтарды, анын ичинде АКШ президенти Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенстин графигин алган болушу мүмкүн деп эсептейт.

2016-жылы америкалык миссиянын алдындагы аймактык коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү аталган кызматкердин Орусия ФСБсынын өкүлдөрү менен болгон тез-тез жолугушуусуна көңүл бурушкан. The Guardian белгилегендей, АКШнын Жашыруун кызматынын имиджин бузбоо үчүн орусиялык кызматкерди коомчулукка жарыялабастан эле акырын жумуштан кетиришкен. Маалыматка караганда, ал иштен 2017-жылы, Орусиядан америкалык дипломаттар массалык түрдө чыгарылардын алдында алынган.