ТИМ: 42 өлкөдө кыргызстандык жарандар бар, аларды алып келүү азыр мүмкүн эмес

7306

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 42 өлкөсүндө кыргыз жарандары бар. Бирок Кыргызстан чет жактагы жарандарын азырынча алып келе албайт. Бул тууралуу 9-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди. Анын айтымында, акыркы убакта Кыргызстандын 2719 жараны Россиядан, Болгариядан, Вьетнамдан, Доминика Республикасынан, Египеттен, Индиядан, Кореядан, Малайзиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан, Польшадан, Таиланддан, Түркиядан, Франциядан жана башка мамлекеттерден учак менен алынып келди.

«Туруктуу да, чартердик да каттамдарды ишке ашыруу азыр мүмкүн эмес экенин баса белгилейм. Башка мамлекеттер аба мейкиндигин жапкандыктан, аэропорттор жабылып, чек арадан өтүү убактылуу токтогондуктан чет мамлекеттердеги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү бир топ кыйын жана азыркы убакта мүмкүн эмес».

8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпысынан 20-марттан бери бүгүнкү күнгө чейин чет мамлекеттерден чартердик рейс менен 4769 кыргызстандык алынып келгенин айткан. Ал мекенине кайтууга жардам сурап жаткан сырттагы мигранттарга кайрылып, аларды коронавирустун активдүү фазасы аяктаганча жолго чыкпай турууга чакырган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.