ТИМ башчылыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды

632

Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке талапкер боюнча сунушун жөнөттү.
Чыңгыз Айдарбеков 2016-жылдын апрель айынан бери Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп иштейт. 41 жашта. Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган.
1998-2008-жылдары атташе, катчы, бөлүм жетекчиси болуп иштеген. 2012-2016 жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.