ТИМ: «Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандык менен байланыштабыз

1097

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Япониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинге алынган «Diamond Princess» круиздик кемесиндеги кыргыз жараны боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, кыргызстандыкка кошуна каютада жаткан адамдан коронавирус аныкталгандыктан Кыргызстандын жараны да вирусту жуктурушу мүмкүн деген шек жаралган. Министрлик Жапониянын тийиштүү мекемелеринин маалыматына таянып, кыргызстандыктын дене табы көтөрүлбөгөнүн, ал өзүн жакшы сезип жатканын жана учурда эч кандай дарылоого муктаж эмес экенин кабарлады.

«Кыргызстандын Япониядагы элчилиги «Diamond Princess» круиздик кемесинде коронавирус жугузганы айтылган Кыргызстандын жараны менен 6-февралдан бери байланышып жатат. Элчилик Жапониянын Тышкы иштер министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги менен да дайыма байланышта» деп айтылат маалыматта.

«​World of Cruising»​ журналы «Diamond Princess» кемесинде дагы 67 киши вирусту жугузуп алганын, арасында Кыргызстандын бир жараны бар экенин жазды. Соңку маалымат боюнча, кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 450дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.