ТИМ: Дүйнөнүн 58 өлкөсүндө мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар бар

5452

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтууну пландап, бирок коронавирустун айынан чет мамлекеттерде калууга мажбур болгондорду сабырдуулукка чакырды. Министрдин орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстанда дарыгерлер, санитарлар, күч түзүмдөрү абдан оор шартта иштеп жатканын белгилеп, эгер чет мамлекеттердеги жарандар көп санда кайтып келсе алардын ишине кыйынчылык түзүлөрүн айтты. “Ошондуктан биздин жарандардан түшүнүүнү, сабырдуулукту суранып кетет элем. Бул пандемия жоюлганда, дүйнөдө жана Кыргызстанда абал турукташканда авиакаттамдар башталат, ошондо жарандарыбызга кайтып келүүгө толук мүмкүнчүлүк болот».

Ниязалиев санитардык талаптарды сактоо да манилүү экенин белгиледи. «Мүмкүн болушунча азыр жайгашкан жерде туруп турсаңыздар. Сыртка көп чыкпай, ошол өлкөнүн органдарынын сунуштарын, карантин жана санитардык эрежелерин так аткарсаңыздар. Себеби өзүңүздөр да илдетке дуушар болуп, башкаларды да кооптуу абалга алып келишиңиздер мүмкүн. Азыр кыргыз өкмөтү сырттагы жарандарга жардам берүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатат. Учуп кете албагандарды убактылуу жай жана тамак-аш менен камсыз кылууга каражат бөлүнгөн. Анын ар бир тайыны көзөмөлгө алынат, финансылык отчет түзүлөт”, деди министрдин орун басары.

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери жалпысынан 8 миңге жакын кыргызстандык мекенине кайтты. Алардын 1,5 миңдейи соңку эки апта ичинде келди (Түркиядан, Россиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан). Министрдин орун басары Нуран Ниязалиев белгилегендей, учурда дагы 58 мамлекетте Кыргызстан жарандары алып кетүүнү суранып жатышат. Алар Европа, Азия, Түндүк Америка жана Африка мамлекеттериндегилер.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.