ТИМ: эл аралык арбитраж тууралуу «Русгидродон» расмий билдирүү келе элек

826

«Русгидро» компаниясы 37 миллион доллар өндүрүү үчүн Кыргызстандын үстүнөн Гаага сотуна кайрылганы тууралуу Бишкек расмий билдирүү ала элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

«Русгидронун» төрагасы Николай Шульгинов сентябрда орусиялык «Ведомости» гезитинин суроолоруна жооп берип, Гаага сотунда бул ишти карай турган курам аныкталганын, азыр компания соттун ишинин башталышын күтүп жатканын айткан. Шульгиновдун маегинин толук версиясы «РусГидро» компаниясынын расмий сайтында жарыяланды.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Кыргызстанга каршы Гаага сотуна арыз даярдалып жатканын «Русгидро» быйыл июнда маалымдаган.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын «Русгидро» курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келатат. Буга чейин да бересе кайтарылбаса, эл аралык арбитражга кайрылаарын эскерткен.

Кыргыз тарап жумушчулардын жатаканасынан башка ал жерде эч нерсе курулбаганын жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныкташ үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуш кылган. Орусия ага көнгөн эмес. Жогорку Кеңеште да бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, эл өкүлдөрү курулушка кеткен каражаттар «эки-үч эсе кымбат эсептелген» деп бүтүм чыгарган.

«Русгидродон» кийин Кыргызстан былтыр жайында чехиялык «Liglass Trading CZ» компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭС куруу боюнча келишим түзгөн. Өкмөт чехиялык ишкерлер Кыргызстандын «Русгидрого» болгон карызын төлөй турганын жарыялаган. «Liglass Trading CZ» келишимдин шарттарын аткара албай, кыргыз тарап андан да кол үзгөн.