ТИМ: Кыргызстан Мьянмадагы кырдаалга кабатырланууда

1074

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат. Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмунун жана Ислам конференциясы уюмунун уставын жетекчиликке алуу менен Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал боюнча өтө тынчсыздануусун билдирет жана бардык тараптарды маселени тынчтык жол менен жонго салууга чакырат.

Акыркы маалыматтарга караганда, соңку окуялардан улам Мьянмадан Бангладешке качууга аргасыз болгон мусулмандарынын саны ​87 миңге жеткен. Ал эми кагылыштардан 400дөй адам каза тапкан. Бул кырдаалга байланыштуу бүгүн Бишкекте өтө турган футболдук беттеш болбой калды.

Теракт коркунучунан улам жана ар кандай чабуулдарды алдын-алуу максатында Кыргызстан-Мьянма оюнчуларынын таймашын токтотуу чечими кабыл алынган.